“Кыргызгаз” газды берүү калыбына келе турганын төгүнгө чыгарды

“Кыргызгаз” ААК Кыргызстандын түндүгүнө газ берүү качан калыбына келерин так айта албайт. Бул тууралуу компаниянын башкы директор орун басары Евгений Оленко “ВБ”га билдирди.

Анын айтымында, газды мурдагы калыбында берүү үчүн Казакстан менен дайыма сүйлөшүүлөр жүрүүдө. 2-3 күндүн ичинде газды берүүнү калыбына келтирүү күтүлүүдө, бирок бул так маалымат эмес.

Бүгүн газ Тоголок Молдо жана Фучик көчөлөрүнүн гана жашоочуларына берилет.

Эскертсек, Жогорку Кеңеште Энергетика жана өнөр жай министрлигинин статс-катчысы “Кыргызгаз” бүгүн Кыргызстандын түндүгүн газ менен камсыздоону толугу менен калыбына келтирет деп билдирген.

Кыргызстандын түндүгү 23-ноябрдан баштап Казакстандан газды 25 пайыздык чектөө менен алууда. Бир суткада 55 миң кубометр газ керектелсе, “КазТрансГаз” болгону 41 миң кубометр гана газ берүүдө.

Газ берүү Бишкек шаарынын бир бөлүгүндө жана шаар четиндеги райондордо токтотулган. Тактап айтканда газ Чоң Чүй каналынын (БЧК) ылдый жагы, батыш автовокзал, “Кызыл куруучулар”, Төмөнкү Ала-Арча, Маевка, Аламүдүн жана Орто-Сай айылдарында жок.

Чүй облусунда газ берүү Кант жана Токмок шаарынын бир бөлүгүндө өчүрүлгөн. Андан сырткары “Кант цемент заводу”, “Кант ТШП” ЖЧКында, Токмок менен Кара-Балтадагы спирт заводунда газ өчүрүлгөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД