Депутат кытайлык жүк ташыган унаалардын кирүүсүнө тыюу салынышына каршы болду

“Ар-Намыс” фракциясынын депутаты Абдрахман Маматалиев Кыргызстандын аймагына оор жүк ташыган КЭР машиналарынын кирүүсүнө тыюу салган парламенттин токтомун жокко чыгарууну сунуштоодо. Бул тууралуу ал бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бул токтом бир катар мыйзамдарга каршы келет. “Мыйзам статусндагы жүк ташуу жөнүндө КЭР жана Өзбекстан менен эларалык келишим бар. Өткөн жылы салмагы 10 тоннадан ашкан жүк ташуучу машиналардын кирүүсүнө тыюу салуу боюнча өкмөттүн токтому чыккан. Бул токтом начар иштеп атат. Кытайдан келген транспорттун кирүүсүнө тыюу салбаш керек. Бул саясый көз караштан алганда туура эмес. Кыргызстанга оор жүк ташыган машиналар Өзбекстан жана Тажикстандан кирип атат”, - дейт Маматалиев.

Арнамысчы Кожобек Рыспаев аны колдоого алды. “Токтом кабыл алынып атканда кытайлык машиналар биздикилерге иштөөгө мүмкүнчүлүк бербей атат деп айтылган. Бирок, өкмөт мониторинг жүргүзүүсү керек”, - деп кошумчалады ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД