Орозбеков көчөсүнөн Чоң Чүй каналына машина кулап түшкөн

Орозбеков көчөсүнөн Чоң Чүй каналына машина түшүп кетти. Бул тууралуу шаардык куткаруучулар билдиришти.

Кырсык тууралуу маалымат бүгүн түнү келип түшкөн. “161” кызматына эки кыз чалып, каналда ала салган машина турганын, машинанын жанында эч ким жок экенин, бирок машинадан музыка чыгып атканын кабарлашкан. Окуя болгон жерге куткаруучулар келишкен. Каналга кулап түшкөн машинанын айдоочусу өз алдынча машинадан чыгып, жол кырсыгы болгон жерден качып кеткен.

Алдын ала маалымат боюнча айдоочу жогорку ылдамдыкта келатып, рулду башкара албай, каналга кулап түшүшү мүмкүн.

Куткаруучулар каналда суу болбогондуктан адам өлүмү катталбагындыгын билдиришти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД