Кантта тергөөчү пара алып аткен жеринен кармалды

26-ноябрда Канттан Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери 20 миң сом пара алып аткан жеринен милициянын капитаны, Ысык-Ата РИИБдин тергөөчүсүн кармашкан. Бул тууралуу МУККнын коом менен байланыш жана ЖМК бөлүмү билдирди.

Маалымдалгандай кармалган тергөөчү шектелип аткан жарандан кылмыш ишин ачпай турганын айтып, 2 миң доллар талап кылган.

Аталган факты боюнча “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “Пара алуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Кармалган адам МУККнын тергөө абагына камакка алынды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД