БШК Таластагы УШК мүчөлөрүн сатып алуу боюнча маалыматты төгүндөдү

Таластагы аймактык шайлоо комиссиясынын төрайымы Динара Билбасарова “Замандаш-Современник” партиясынан Гүлнара Камалдинова тарабынан 40 миң сом өлчөмүндөгү пара тууралуу маалыматты жана “Республика” менен КСДПдан миң доллардан пара берүүсүн төгүндөдү.

Эскертсек, буга чейин Камалдинова тергөө абагына камакка алынганы жана ал жактан ушундай көрсөтмө бергени боюнча маалымат тараган.

“Талас аймактык шайлоо комиссиясында эч кандай сатып алуу болгон эмес. №6108 гана участкада мыйзам бузуу болгон. Ал жердеги шайлоо жокко чыгарылып, участкалык шайлоо комиссия мүчөлөрүнө карата кылмыш иши козголгон”, - деди Билбасарова.

Ал мыйзам бузуу добуштарды саноо маалында добуш берген бюллетендер каттоого алынган шайлоочулардын санынан көп болуп чыкканда гана байкалганын тактады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД