БШК: Бишкектин кээ бир участкасындагы добуш берүү жыйынтыгы жокко чыгышы мүмкүн

Бишкек шаардык кеңешке болгон шайлоо учурунда добуш берилген кээ бир участкадагы жыйынтыктар жокко чыгышы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн БШК төрагасынын орун басары Гүлнара Журабаева билдирди.

Анын айтымында, “Республика” партиясы тарабынан бюллетендерди дүңүнөн таштоо, “карусель” сыяктуу бир топ мыйзам бузуулар катталган.

Ошондой эле ал КСДП партиясы тарабынан дагы одоно мыйзам бузуулар болгонун айтат.

Журабаева кээ бир участкалардагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга жатпай турганын белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД