Министрлик жүк ташуучу унаа боюнча түзүлгөн келишимди жокко чыгарууга каршы

Транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов Кытай менен Кыргызстан ортосунда жүк ташуу боюнча түзүлгөн эларалык келишимди жокко чыгарууга каршы болду.

Анын айтымында, мындай аракет Кара-Суу базарында өз нанын таап жеп аткан кыргызстандыктардын жумушсуз калуусуна алып келет.

“Андан сырткары 2012-жылдын алты айында жүк ташуу боюнча товардын айлануусу 74 млн долларга жетип, 65 тонна товар ташылып келинген”.

Министр жүк ташуу жөнүндөгү эларалык макулдашуу 1994-жылы кабыл алынганын белгиледи.

Ал келишимди жокко чыгаруу демилгесинин өзү туура эместигин айтат. Келишимдин зарылдыгын ал Кыргызстандын жолдорун бузуулуудан сактоо экенин түшүндүрүүгө аракет кылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД