Кытайлык жүк ташыган унаалар маселесин өкмөттүк деңгээлде чечүүнү сунушташты

Депутат Сейдулла Нышанов жүк ташуу жөнүндөгү Кытай менен болгон келишимди жокко чыгаруу маселесин өкмөттүк деңгээлде чечүүнү сунуштап, чегарада терминал куруу мүмкүнчүлүгүн кароону айтты.

Анын айтымында, ашыкча салмактагы кытай машиналары боюнча көйгөйдү Бажы кызматы менен чечүүгө болот.

“Жакшы иштелип чыкпаган демилгени кабыл алуунун кажети жок. Өкмөт бул маселени алты жылдан бери чече албай келет”, - деди депутат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД