Жүк ташуу боюнча келишимди жокко чыгаруу мыйзамын кайта иштеп келүү сунушталды

Жүк ташуу боюнча Кытай менен Кыргызстандын ортосунда түзүлгөн эларалык келишимди жокк чыгаруу жөнүндөгү мыйзам долбоорун кайта иштеп чыгуу керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков билдирди.

Анын айтымында, бул маселе министрликтердин деңгээлинде дыкат каралыш керек.

Депутат Өмүрбек Текебаев жакшы иштелип чыкпаган долбоорду пленардык жыйында кароо катачылык болорун билдирди.

“Биз жакшы иштелип бүтө элек мыйзам долбоорун талкуулап шылдың болдук. Тышкы иштер министрлиги бардык нюанстарды кытай тарап менен талкуулашы керек”, - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД