Энергетика министри газ берилип баштаганын айтты

Энергетика жана өнөр жай министри автандил Калмамбетов Кыргызстандын түндүгүнө газ берүү башталганын билдирди. “Кардарларды кошуу башталды”,- деп министр “ВБ”га билдирди.

Анын айтымында, бүгүн газ берүү Бишкектин түндүгүнө жана шаар четиндеги айылдарга берилип баштайт.

Эске салсак, Кыргызстандын түндүгү жаратылыш газын Казакстандан 25 пайыздык чектөө менен 23-ноябрдан баштап ала баштаган. Бир суткада 55 миң кубометр газ керектелсе, “КазТрансГаз” болгону 41 миң кубометр гана газ берүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД