Кыргызстан менен Орусия атом энергиясын колдонууда кызматташуу боюнча сүйлөштү

Бүгүн Кыргызстан менен Орусиянын өкмөтү тынчтык максатта атом энергиясын пайдаланууда кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюшту.

Келишимге кол коюу “Кыргызстан менен Орусиянын региондор аралык кызматташуусун өнүктүрүүнү экономиканын туруктуу өнүгүшүн камсыздоо фактору катары” аттуу кыргыз-орус региондор аралык II конференциясынын жүрүшүндө ишке ашты.

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Нурбек Сыдыгалиев кызматташуу келекчекте да ушул нукта болот деп үмүт артты. Ал бул келишимди Орусиянын экологиялык кырсыктардын алдын алууга болгон жардамы деп кошумчалады.

Конференцияда маалымдалгандай мындай документке кол коюу дайыма чоң окуя. Адистердин баамында бул жер кыртышын калыбына келтирүү үчүн келишимдик-укуктук базанын калыптануусун билдирет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД