Ноокатта алты бюллетендин жоголуусу боюнча иш козголду

Ноокаттагы №5398 шайлоо участкасында алты бюллетендин жоголуусу боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайратбек Акбаров “ВБ”га билдирди.

Эскертсек, жергиликтүү кеңешке шайлоо өткөндөн үч күндөн кийин Ноокат боюнча шайлоонун алдын ала жыйынтыгы бюллетендердин жоголуп кеткендиги менен чыкпай келген. Ноокатта 4 шайлоо участкасы болгон.

“Биз мыйзам бузулганы боюнча актыны Боршайкомго бердик”, - дейт Акбаров.

Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын системалык администраторунун айтымында шаар боюнча 8 237 шайлоочу катталган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД