“Ата-Мекен”: Сапарбаев жана Никитенко шаардык кеңеште жөнөкөй депутат болушпайт

Жоомарт Сапарбаев менен Наталья Никитенко Бишкек шаардык кеңешке депутаттыкка барбайт. Бул тууралуу “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Өмүрбек Текебаев “ВБ”га билдирди.

Анын айтымында, “Ата Мекен” партиясы алардын талапкерлигин көргөзүп атканда келечекте алар шаардык кеңештин төрагасы же вице-мэр болот деп ойлошкон.

“Бирок, бүгүн “Ата Мекен” партиясы шаардык кеңеште лидерлик орунду алуу үчүн тийиштүү добуш ала алган жок. Андыктан биз болжоп аткан орундарды биздин өкүлдөрдүн алуусуна көзүбүз жетпейт”,- дейт депутат.

Ал Сапарбаев менен Никитенко шаардык кеңеште “жөнөкөй депутат” болбой турганын кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД