Таластагы шайлоо участкасынан 102 бюллетень жоголгон

Таластагы № 6108 шайлоо участкасынан 102 бюллетень жоголгон. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен “ВБ”га билдиришти.

Милициянын маалыматына ылайык, 25-ноябрда жергиликтүү кеңешке шайлоо аяктаган соң, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү добуштарды саноого киришкен. Ошол убакта участкалык шайлоо комиссия төрагасынын сейфинен 102 бюллетень уурдалганы аныкталган.

Андан сырткары урналарды ачканда андан 140 ашыкча бюллетенди санашкан. “Бюллетенде түрдүү партиялар белгиленген, кээсинде бири да белгиленген эмес”, - дейт ИИМ.

Аталган факты боюнча кылмыш кодексинин “Шайлоо документтерин бурмалоо” беренеси боюнча кылмыш иш козголду. Иликтөө жүрүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД