Кытай менен Кыргызстан ортосундагы товар айлануу 2011-жылы 39 пайызга өскөн

Кытай Эл Республикасы менен Кыргызстан ортосундагы товар айлануу 2011-жылы 2010-жылга салыштырмалуу 39 пайызга өсүп, 965,5 млн долларды түзгөн. Бул тууралуу журналисттерге ТИМдин маалымат катчысы Нуржигит Кадырбеков билдирди.

Анын айтымында, Кытай соода боюнча Кыргызстандын негизги өнөгү, жана товар айлануу боюнча Орусиядан кийинки экинчи орунда турат. Кадырбеков Кытай менен болгон экспорт 2 пайызга, импорт 21 пайызга өскөнүн баса белгиледи.

Ошондой эле 2006-жылдан 2011-жылдар арасы КЭР менен болгон товар алмашуу 3,4 эсеге (экспорт – 10,2%га, импорт – 3,8 эсе) өскөнүн белгиледи.

Ал Кытайдан негизинен текстил продукциялары, машина куруу жабдыктары, электротехника, транспорт жабдыктары келерин билдирди. Кыргызстан негизинен темир жана андан жасалган буюмдарды экспорттойт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД