Мамлекеттик сырга чектөө киргизүү депутаттардын ачуусун келтирди

Депутат Улукбек Кочкоров эл өкүлдөрү мамлекеттик сырга Жогорку Кеңештин макулдугунан кийин гана уруксат алынарына ачуусу келди.

Анын айтымында, мамлекеттик сыр боюнча мыйзам долбоорунда атайын нормалар жазылган. Ага ылайык, мамлекеттик маалыматтарга макулдугу жок эле президент, премьер-министр, Жогорку Кеңештин спикери жана министрлер кабинетинин башчысы тарабынан тандалган министрлер гана ээ болот деп жазылган. Бирок, Кочкоровдун белгилешинче “качан гана депутаттарга жеткенде парламенттин макулдугу керек деген чектөө киргизилген”.

Токон Мамытов аталган норма керек экенин белгилеп, Жогорку Кеңештин макулдугун алуу депутат үчүн анчейин деле оор эмес, деп кошумчалады.

Бир катар депутаттар да сунуш кылынган нормага ачуулары келди. Алар эл өкүлдөрү үчүн мамлекеттик сырды тоскоолдуксуз алуу кажет деп белгилешет. Анткени алардын ишмердиги учурунда бир топ түрдүү мүнөздөгү көйгөйлөрдү чечүүгө туура келет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД