Санкт-Петербургга Кыргызстандан эт жөнөтүү сунушталды

Бишкек мэри Иса Өмүркулов Санкт-Петербургдун мыйзам чыгаруу кеңешинин депутаттары Алексей Макаров жана Андрей Анохин менен жолукту. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басмасөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тараптар эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү багытында пикир алышышты. Бишкек мэри Санкт-Петербургга эт продукциясын жөнөтүүнү калыбына келтирүүнү сунуштады. “Совет доорунда Кыргызстан Ленинградды эт менен камсыздап турган. Өз ара кызматташуубузга реалдуу из калтырыш керек. Сөздөн иш жүзүнө өтөлү”, - деп белгиледи Өмүркулов.

Ошондой эле Санкт-Петербург мамлекеттик университетинин өкүлчүлүгүн же филиалын Бишкекте ачуу да талкууланды. Андан сырткары Кыргызстандык студенттердин санын Санкт-Петербургдагы университеттерде көбөйтүү маселеси да каралды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД