Энергетиктер электр үчүн 100 сомдон аз карызы барларды өчүрбөөнү чечишти

“Карызы 100 сомдон ашпагандардын электр жарыгын өчүрбөө боюнча чечим кабыл алынды”, - деп Жогорку Кеңештин жыйынында Энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмамбетов билдирди.

Жыйында “Энергетика тармагын жакшыртуу боюнча” Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкы ортосундагы каржылоо келишимин ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоору каралууда. Макулдашуунун алкагында Кыргызстанга 55 млн доллар бөлүү каралган. Анын 15 миллиону кредит. Бул каражаттар министрдин айтымында Токтогул суу сактагычын жакшыртууга жумшалат.

“Ар-Намыс” фракциясынын депутаты Игорь Гусаров ага жарандар арыз менен кайрылганын белгиледи. “40 карызы болгон кээ бир жарандардын жарыгы өчүрүлүп атыптыр. Кийин аны коштуруу үчүн 200 сом төлөөгө туура келет экен. Мындай болбойт. Кышында электр жарыгын өчүрүү туура эмес. Кимдир бирөө үйүн жылытып, кимиси тамак жасап атат да. Өзгөчө суук күндөрү электр жарыгын өчүрүүгө таптакыр болбойт”, - дейт ал.

Калмамбетов аны менен макул болду. Ал минисрликтин селектордук жыйынында 100 сомдон аз карызы бар кардарлардын электр жарыгын өчүрбөө чечими кабыл алынганын билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД