Сууда сүзүү боюнча дүйнөлүк чемпионатка алты кыргызстандык спортчу барат

Сууда сүзүү боюнча Кыргызстандын курама командасы 12-16-декабрда Стамбулда (Түркия) өтө турчу эларалык чемпионатка барат.

Кыргызстан курама командасынын машыктыруучусу Евгений Петрашовдун айтымында, Кыргызстандын намысын бул мелдеште 6 спортчу коргойт. Курама командада Дмитрий Александров, Дарья Таланова, Василий Данилов, Дамир Давлетбаев, Александр Слепченко жана Станислав Карнаухов бар.

“Курама команда мелдешке өз эсебинен даярданып, бассейндин ижарасын өздөрү төлөгөн. Жол кирени спорт жана дене тарбия боюнча мамагенттик менен Олимпиадалык даярдык борбору көтөрдү”, - дейт ал.

Кураманы башкы машыктыруучу Петрашов менен жаштар курамасынын машыктыруучусу Александр Заваринский жетектеп барат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД