Бишкек боюнча добуштарды саноо аяктады

Добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары бардык 203 шайлоо участкаларынан келип түштү.

Бишкек боюнча шаардык кеңешке болгон шайлоодогу добуштардын 100 пайызы саналып бүттү.

БШКнын саат 16.30га болгон маалыматына ылайык, добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары бардык 203 шайлоо участкаларынан келип түштү.

Жыйынтык боюнча 7 пайыздык чекти болгону 4 гана партия өтө алган.

1. КДПК – 32,83% (40,65 миң добуш).

2. "Республика" – 18,07% (22,37 миң добуш).

3. "Ата Мекен" – 10,24 % (12,67 миң добуш).

4. "Замандаш-Современник" – 9,6% (11,89 миң добуш).

Бардыгына каршы деп шайлоочулардын 2,47 пайызы добуш берген

Эми 20 күн ичинде Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы бардык билдирүү жана арыздарды текшерип, шайлоонун акыркы жыйынтыгын жарыялашы керек.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД