БААУ: Наргиза Ажибаева биздин университетте иштеген эмес

“Республика” партиясынын жаштар канатаныны координатору, чуулгандуу “карусель” уюштуруу тасмасынын башкы каарманы Наргиза Ажибаева Борбор Азиядагы Америка университетинде эч качан иштеген эмес. Бул тууралуу аталган окуу жайдан “ВБ”га билдиришти.

Партиянын расмий сайтында Наргиза Ажибаева тууралуу маалымат бар. Ал жерде: Наргиза Ажибаева. 27 жашта. Борбор Азиядагы Америка университети, саясый менеджмент мектеби, - деп жазылып турат.

Ошондой эле БААУдан билдиргендей Ажибаева ал жакта окуган да эмес. “Ал окуу жайдын кошумча билим берүү борборунан курстан өткөн”.

Эске салсак, Ажибаева бир канча шайлоо участкаларында кантип добуш берүү керектигинин жол жобосун түшүндүрүп атканда, жашыруун камерага тартылган видеодон кийин популярдуу болуп кеткен.

Бишкек ШИИБи шайлоодо “карусель” ыкмасы болгонун аныктоо үчүн иликтөө жүргүзүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД