Булак: Көпчүлүк коалициядан чыгуу үчүн 11 арнамысчы арызга кол койду

“Ар-Намыс” фракциясынын 11 мүчөсү “Ырыс алды ынтымак” көпчүлүк коалициясынан чыгуу үчүн арызга кол койду. Бул тууралуу жеке булактан “ВБ”га белгилүү болду.

Бирок ал арызга кол койгон арнамысчылардын аттарын азырынча атаган жок.

Белгилей кетсек, “Ар-Намыс” партиясынын парламентте 25 мүчөсү бар. Көпчүлүк коалициядан чыгуу үчүн кеминде 13 арнамысчы арызга кол коюушу керек.

Буга чейин Турсунбай Бакир уулу баштаган бир катар арнамысчы депутаттар фракциянын коалициядан чыгуу ниетин билдиришкен эле.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД