Энергетика министринин отставкага кетүүсү сунушталды

“Өкмөт газ көйгөйүн тез арада чечиши керек”,- деп Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында “Ар-Намыс” фракциясынын депутаты Каныбек Осмоналиев билдирди.

Анын айтымында, “эл таң эрте депутаттарга чалып, газ берүүнү талап кылып атат”. “Бул көйгөй саясый деңгээлге чыгууда, өкмөт эмдигиче бул көйгөйдү жөндөй албай атат”, - деп кошумчалады ал.

Атажуртчу Дастанбек Жумабаев Энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмамбетовду кызматынан кетүүсүн талап кылды. “Эгер иштей албаса, анда кызматынан кетсиң”, -деп билдирди ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД