Депутат премьерден сүттү Казакстанга экспорттоону чечип берүүнү суранды

КСДП фракциясынын депутаты Алла Измалкова Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге сыртынан кайрылып, Казакстанга сүт азыктарын экспорттоо маселесин чечип берүүнү өтүндү.

Ал жакын арада Сатыбалдиев Казакстандын премьер-министри Серик Ахметов менен жолуга турганын белгиледи. “Кыргызстандын сүт азыктарын тоскоолдуксуз экспорттоо маселеси боюнча ал гана сүйлөшө алат, андыктан муну биздин премьерге айтып коюуңуздарды суранам”, - деди ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД