Депутат Атамбаевдин президент болгонуна бир жыл толгонун эске салды

“Атамбаев президент болгону бир жыл ичинде Кыргызстан үчүн көп нерсе жасады”, - деп Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП фракциясынын депутаты Эгемберди Эрматов билдирди.

Ал бүгүн Атамбаев президент болуп шайланганына туура бир жыл толгонун белгиледи.

“Бул жыл аралыгында көптөгөн нерселер жасалды. Мисалы кыргыз-орус мамилеси жаңы деңгээлге чыкты. Орусия чоң карызды кечти, Кыргызстанда ГЭС курула баштады. Мунун баары Атамбаевдин аброюнун негизинде болуп атат. Бирок, ага карабастан бир катар саясатчылар, Кыргызстан өнүгүүдө артка кетип атат деп айтууда”, - дейт депутат.

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков президентти бир жылдыгы менен куттуктоого депутаттарды чакырды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД