Бакир уулу: Көпчүлүк коалициядан чыгууга “Ар-Намыстын” жарымынан көбү макул

“Ар-Намыс” фракциясынын депутаты Турсунбай Бакир уулу парламенттеги “Ырыс алды ынтымак” көпчүлүк коалициясынан чыгуу үчүн фракция мүчөлөрүнүн жарымынан көбү кол койгонун “ВБ”га берген маегинде билдирди.

Бакир уулу кол койгондор арасында, Каныбек Осмоналиев, Анвар Артыков, Бөдөш Мамырова жана Игорь Гусаров бар экенин айтты.

Белгилей кетсек, “Ар-Намыс” партиясынын парламентте 25 мүчөсү бар. Көпчүлүк коалициядан чыгуу үчүн кеминде 13 арнамысчы арызга кол коюушу керек.

Буга чейин Турсунбай Бакир уулу баштаган бир катар арнамысчы депутаттар фракциянын коалициядан чыгуу ниетин билдиришкен эле.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД