Тургунбек Кулмурзаев: “Кыргызгаздын” карызы 3,5 млн долларга жетти

“Кыргызгаз” ачык акционердик коомунун башкы директору Тургунбек Кулмурзаев ал жетектеген компаниянын “КазТрансГаз” акцинердик коомунун алдындагы карызы 3,5 млн доллар болгонун парламенттин жыйынында билдирди.

Ошол эле учурда Өзбекстан алдында мекеменин карызы жок экенин белгиледи.

Ал Кыргызстан Өзбекстандан 100 млн кубометр газ сатып аларын, ал эми Казакстандан өлкөнүн түндүгүн камсыз кылуу үчүн 300 кубометр газ керектеле турганын айтты.

Кулмурзаев газды Казакстандан алып келүү 260 млн кубометрге чейин төмөндөгөнүн, анын кесепетинен түндүктөгү айрым райондорго газ берүү чектелгенин кошумчалады.

Ал “Кыргызгаздын” карызы кыргызстандык мамлекеттик мекемелердин карызынан улам пайда болгонун белгиледи. Кулмурзаев ири карызы барларды атады. Анда Бишкек мэриясы (5,5 млн сом) жана “Кыргызжилкоммунсоюз” (43 млн сом) бар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД