Келдибеков жарыктын жок болушу боюнча себепти жашырганы үчүн өкмөттү күнөөлөдү

“Ата-Журт” фракциясынын депутаты Ахматбек Келдибеков жарыгы жок калган карапайым элди билип туруп алдап аткан өкмөттүн мүчөлөрүн парламенттик жыйында күнөөлөдү.

Ал премьер жарандарга жарык болот деп сөз бергенин, бирок министрликтердин жетекчилери “берген сөзүнө жооп бербей” атканын эске салды. Ал ошондой эле жыл башында экономикалык өсүш 7 пайыз деп пландалганын, жыйынтыгында ИДП 4,3 пайызга төмөндөгөнүн белгиледи.

“Премьер бул суроолорго жооп берүүгө даяр эмес. Президент менен премьер айлыкты көтөрүшү керек болчу. Кээ бир министрлер жарандарды алдашты. Айлыкты көбөйткөнү менен башка тарабынан кыскартышты”,- деп депутаттын ачуусу келди.

Ал Ошто да электр жарыгы жок деп баса белгиледи. “Өкмөт подстанциядагы трансформаторлорду алмаштырдык деп айтууда. Ал эми Ошто болсо электр энергиясынын жок болушун жабдыктарды алмаштырылганына жана жаңы чубалгалдардын тартылганына шылташууда. Техника менен түшүнүгү жок гана пенсионер буга ишенет!”, - дейт Келдибеков.

Анын айтымында, Кыргызстандагы электр тармагында “чоң коррупция” бар. “Биз тийиштүү ведомство менен мекемелердин жетекчилерине катуу талап коюшубуз керек”, - дейт эл өкүлү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД