Тургунбек Кулмурзаев: Эки күн ичинде түндүк аймак газ менен камсыз болот

Кыргызстандын түндүгүндөгү кээ бир аймактарды газ менен камсыз кылуу эки күн ичинде калыбына келет. Бул тууралуу “Кыргызгаз” ААКысынын жетекчиси Тургунбек Кулмурзаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал Казакстандан керектүү көлөмдөгү газ алуу калыбына келгенин жана газ берүү токтотулган аймактарда көгүлтүр отун берүү башталарын билдирди.

Бирок, Кулмурзаев газды өчүрүү оңой экенин, бирок аны кайра берүүдө тургундардын коопсуздугу үчүн бир катар иштерди жасоо керектигин айтып, ал убакыт аларын кошумчалады.

Эске салсак, Кыргызстандын түндүгүндөгү кээ бир райондор Казакстан келген газ 260 млн кубометрге чейин төмөндөтүлгөндүктөн газ берүү өчүрүлгөн.

“Биз көмүр менен жылутууга боло турчу аймактарды гана өчүргөнбүз. Бүгүнкү күнү жеке үйлөрдү көмүр менен жылытуу мүмкүнчүлүгү бар. Ысык сууну биз өчүргөн жокпуз. Жакын арада Бишкектин Васильев жана Чоң Чүй каналы жактагы Совет көчөлөрүнө газ берүү калыбына келет. Жеке секторго газ берүү эки күн ичинде калыбына келет”, - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД