Кыргызстан Орусияга кийим жеткирүү боюнча бешинчи орундан үчкө чыкты

Кыргызстан Орусияга кийим жеткирүү боюнча өз позициясын жакшыртты. Бул тууралуу бүгүн кыргыз-орус ишкер кеңешинде “Легпром” ассоциациясынын аткаруучу директору Фархад Раимжанов билдирди.

Ал өткөн жылы Кыргызстан Орусияга тигилген товарларды жеткирүүдө Кытай, Италия жана Түркиядан кийинки эле мамлекет болгонун айтты. Быйыл Кыргызстан Кытай менен Белорусиядан кийинки үчүнчү орунда турат.

Анын айтымында, 2011-жылы Кыргызстан жалпы суммасы 7 млрд доллар болгон товар жеткирген. 2010-жылы бул көрсөткүч 6 млрд доллар, 2009-жылы – 5 млрд доллар болчу. Кыргызстан ар жыл сайын товар жеткирүү көлөмүн 1 млрд долларга чейин жогорулатууда.

Ал экспорттолгон продукциянын 85 пайызы тигилген даяр кийимдер экенин, болгону 15 пайызы гана трикотаж экенин белгиледи.

“Бул демек, кырызстандын кийимдери сапаттуу жана орусиялыктар тарабынан чоң талап менен колдонулат дегенди түшүндүрөт”, - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД