Расмий эмес маалыматтар боюнча Кыргызстанда 12 миң адам ВИЧ илдетине чалдыккан

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Марат Калиевдин айтымында, 2012-жылдын 1-ноябрына алынган маалымат боюнча Кыргызстанда ВИЧ илдетине чалдыккан 4 532 учур катталган. “Бирок расмий эмес маалыматтарга ылайык ВИЧ илдети менен жашап аткандардын саны 12 миңге жетет”, - дейт ал.

Ал Саламаттыкты сактоо министрлиги жарандык коом менен тыгыз байланышта иштеп атканын белгиледи. “КМШ мамлекеттериндегидей эле Кыргызстанда да ВИЧ илдети өсүүдө. Бул объективдүү жана субъективдүү себептерге байланыштуу. Объективдүү себепке Афганистандан келип аткан наркотрафикти айтсак болот”, - дейт атка минер.

Ал эми субъективдүү себептин арасында, жаштардын өз ден соолугу үчүн жетиштүү деңгээлде жоопкер болбой атканын айтты. Министрдин орун басары Кыргызстандагы ВИЧ илдети КМШ мамлекеттеринде эле эмес, дүйнө боюнча эң жаш экенин айтты.

“ВИЧ инфекцясы миграция аркылуу келип аткандыктан көпчүлүк үй-бүлөлөр жапа чегүүдө. Көпчүлүгү башка мамлкеттерге барып, инфекцияны бул жакка алып келүүдө. ВИЧ илдети болгондордун 44 пайызы аялдар”, - деп БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Александр Аванесов билдирди.

Эске салсак, 1-декабрь СПИД менен күрөшүүнүн эларалык күнү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД