Балдарга ВИЧ илдетинин жугушунда врачтардын түздөн-түз күнөөсү далилденген эмес

“2007-жылы Ошто балдарга массалык түрдө ВИЧтин жугушунда врачтардын түздөн-түз күнөөсү далилденген эмес”, - деп Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Марат Калиев маалымат жыйында билдирди.

Ал балдарга илдеттин жугушу боюнча 14 дарыгер кылмыш жоопкерчилигине тартылганын айтып, алардын үчөө инфарк жана башка оорулардан улам каза болгонун белгиледи.

Калиевдин айтымында, тергөө учурунда балдарга илдетти ким жуктурганы так аныкталган эмес.

Эске салсак, 2007-жылы балдар арасында ВИЧ илдетинин жугуусу боюнча 46 учур катталган. Ошондой эле оорукананын ичинен 36 учур катталган. Анын ичинде Ноокат районунан 22 бала, Кара-Сууда – 8, Араван районунда – 1, Ошто – 2 балага жуккан. Жалал-Абад облусунда 3 учур катталган. Ошондой эле 2 учур ооруканадан катталган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД