Сулайманов: Укук коргоо органдары спорт дүйнөсү менен криминалды чаташтырууда

“Укук коргоо органдары спорт дүйнөсү менен криминалды чаташтырууда”, - деп Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында “Республика” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов депутаттардын Уюшкан кылмыштуу топ тууралуу мыйзам демилгесине жооп катары билдирди.

Анын айтымында, эгер укук коргоо органдары спортсмендерди аңдууну токтотпосо, алар да өз сөздөрүн айтышы мүмкүн.

“Спортсмендер керек болсо митингге чыкканга даяр. Мисалы, мен дайыма аларды коргоп келгем жана өзүм да спортсменмин. Эмне үчүн милиционерлер мени уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деп эсептеши керек? Балким учурунда спортмендерден токмок жеген же басмырланган кээ бир саясатчылар буга кызыктар болуп ушундай жол менен өч алып жүрбөсүн. Азыр спортсмендерди бандит кылып атышат”, - дейт Сулайманов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД