Чыныбай Турсунбеков: Бүгүн оппозицияда болуу жагымдуу

“Коалиция жашап жана иштеп атат”, - деп КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков парламенттик көпчүлүк таркайт деген маалыматка түшүндүрмө берип атып “ВБ”га билдирди.

Анын айтымында, коалициялык көпчүлүк тарайт экен деген божомол эрте. “Парламенттик көпчүлүк тарайт деп ойлобойм, ал болгону эки жарым ай гана иштеп атат”, - дейт депутат.

Турсунбеков ошондой эле эгер коалиция таркап кетсе КСДП оппозицияда болуудан коркпой турганын айтат. “Биз 20 жылдан бери оппозицияда болуп келдик. Азыр оппозицияда болуу жагымдуу – өзүңдүн комитетиң болот, бийликти сынга ала аласың, каалаган ар нерсеңди айтып, ага жооптуу болбойсуң”, - дейт ал.

Эске салсак, бүгүн “Ар-Намыс” фракциясынын 11 депутатынын көпчүлүк коалициядан чыгууга ниети бар экени белгилүү болду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД