Азамат Арапбаев: “Ата-Журт” фракциясы жаңы коалицияга кирүүгө даяр

“Учурдагы “Ырыс алды ынтымак” көпчүлүк коалициясы таркаса, “Ата-Журт” фракциясы өлкөдөгү экономикалык оор абалды өз мойнуна алып, жаңы коалицияга кирүүгө даяр”, - деп 29-ноябрда аталган фракциянын депутаты Азамат Арапбаев “ВБ”га билдирди.

Ал коалиция таркайт экен деген маалыматты “имиш” деп атады.

Эске салсак, арнамысчы депутат Турсунбай Бакир уулу коалициядан чыгууга “макул” деп “Ар-Намыс” фракциясынын жарымы ниетин билдиргенин “ВБ” айткан эле.

Ошондой эле ЖМКда парламенттеги оппозиция коалицияны таркатпаш үчүн “Ар-Намыс” фракциясынын лидери Феликс Куловго преьмер-министрлик орунду сунуштап атыптыр деген маалымат чыкты. “Мен муну айта албайм. Бардыгы болушу мүмкүн”, - дейт Арапбаев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД