Ахматбек Келдибеков: Оппозиция “Ар-Намыс” менен сүйлөшүүнү баштады

Бүгүнтөн баштап оппозиция “Ар-Намыс” партиясынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Парламенттеги оппозиция “Ар-Намыс” фракциясы менен биригүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштады. Бул тууралуу “Ата-Журттун” депутаты Ахматбек Келдибеков 29-ноябрда “ВБ”га билдирди.

Эске салсак, арнамысчы депутат Турсунбай Бакир уулу коалициядан чыгууга “макул” деп “Ар-Намыс” фракциясынын жарымы ниетин билдиргенин “ВБ” айткан эле.

Келдибеков жаңы коалиция түзүлөрү боюнча оюн айтты, бирок ал “Ата-Журт” фракциясынын катышуусу менен болот.

Депутат бүгүнтөн баштап “Ар-Намыс” партиясынын кээ бир өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жүрүп атканын белгиледи. Келдибековду альянстын таркашы жана өкмөттүн алмашуусу эч кандай оңтойсуздандырбайт.

“Мени эмне оңтойсуздандырыш керек? Күз-кыш мезгилине даярдык өттү, жарык менен газды кошту”, - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД