Кыргызстанда мектепке барбаган 12 миңден ашык өспүрүм бар

Август айындагы маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда 12 миңден ашык өспүрүм бар. Бул тууралуу бүгүн “Мектепке барбаган балдар” аттуу улуттук конференцияда Билим берүү жана илим министри Канат Садыков билдирди.

Анын айтымында, мектепке барбаган балдар билим алууга болгон бирдей укук милдети боюнча Кыргызстанда негизги коркунучтардын бири болууда. “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамды аткаруу үчүн 1997-жылы эле балдарды билим алуу процессине тартуу боюнча бир катар милдеттер кабыл алынган. Бул милдет жергиликтүү бийликке жүктөлгөн. Жер-жерлерде бул иштер мектеп мугалимдеринин күчү менен ишке ашууда.

Садыков мектепке барбаган балдардын көпчүлүгү социалдык көйгөйлөрдөн улам – алардын кийими жана окуу жабдыктары жоктугунан барбай турганын белгиледи.

Министрдин маалыматына ылайык, министрлик ички иштер органдары менен биргеликте иштерди жасап, профилактикалык иштер учурунда кайыр сураган балдарды аныкташууда. Ушундай 200 бала каттоого алынган, миңден ашууну балдар иши боюнча комиссиянын жардамы менен мектепке кайта кайтарылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД