Агропродкорпорациясын жабууну сунушташты

“Агропродкорпорация акырындык менен жеке дүкөнгө айланып баратат”, - деп КСДП фракциясынын жыйынында вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирди.

Ал укук коргоо органдары корпорациянын ишмердигин дыкат иликтеши керек дейт. Ал ошондой эле анын функциясын Мамлекеттик резервге берүү керек деген ойдо.

Бирок башкаруунун төрагасы Канатбек Ирсалиев ал жердегилерди Агропродкорпорация улуттук коопсуздукту камсыздап атканына ишендирүүгө аракет кылды. Ирсалиев укук коргоо органдары корпорациянын ишмердигин адилетсиз текшерип атканын билдирди. Ал ошондой эле аны кызмат ордунан алуу маселеси каралып атканын кошумчалады.

Депутат Эркин Сакебаев корпорацияны Айыл-чарба министрлигинин кармагына берүүнү сунуштады.

КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков төрт жыл ичинде бюджеттен бөлүнгөн 400 млн сомдун “кайда кеткени белгисиз” экенин айтты. Башкы прокуратура корпорацияда коррупциялык схемаларды аныктаганын да кошумчалады.

Эгемберди Эрматов Агропродкорпорация “тийиштүү кишилердин жем жеген акыры” болуп калгандыктан аны жабууну сунуштады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД