“Республика” фракциясынын жыйынында КТРКнын башчысын жемелешти

Бүгүн “Республика” фракциясынын жыйынында депутат Кенжебек Бокоев Айсулуу Дүйшөнкулова тууралуу видое кандай себеп менен КТРКдан көрсөтүлгөнү боюнча каналдын директору Кубат Оторбаевдан сурап, кызыкты. Депутаттын айтымында бул видео “Республика” фракциясына шек келтирген.

Бокоев КТРКны окуяны бир тараптуу чагылдырып атат деп күнөөлөдү. “Мисалы талап-тоноочулук боюнча бир да материал болгон жок. Бир гана “Ата Мекен” фракциясынын жыйыны көргөзүлүп атты. “Республика” фракциясынын жыйынына журналисттер келип да койгон жок. Алар андай материалдар өтпөй турганын башынан эле билишкен”, - дейт депутат.

Ал ошондой эле “карусель” боюнча видео тууралуу да айтып, Башкы прокуратурага кайрылуу ниетин билдирди.

Кенжебек Бокоев эмне үчүн “Текебаевдин порновидеосун” көргөзбөгөнүнө кызыкты.

Өз кезегинде КТРКнын директору “карусель” тууралуу видео интернеттен алынганын жана ал эч кимдин саясый тапшырмасын аткарбасын билдирди.

Андай болсо да Бокоев Оторбаевди кызматынан алуу талабы менен КТРКнын байкоочу кеңешине кайрылды.

Байкоочу кеңештин мүчөлөрү бул маселени жакынкы жыйындарда карай турганына сөз берди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД