Сокулук районунда ымыркайды таштап кетишти

Кечээ, 29-ноябрда болжол менен 19.30дар чамасында белгисиз бирөөлөр үйлөрдүн биринин алдына жаңы төрөлган ымыркайды таштап кетишкен. Бул тууралуу Чүй ИИББинин басмасөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, үй ээси сыртка чыкканда, ыйлаган баланын үнүн уккан. Алар ымыркайды үйгө алып келип, милиция чакырышкан. Эки жумалык кызды врачтар текшеришкен. Кыздын ден соолугуна эч кандай коркунуч жоктугу аныкталган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД