Феликс Кулов коалицияны таркатпаш үчүн ага орун сунашталганын төгүндөдү

“Парламентте чоң сүйлөшүүлөр жүрдү жана орун сунуштоо тууралуу эч кандай сөз да болгон жок”, - деп “Ар-Намыс” фракциясынын лидери Феликс Кулов маалымат жыйында билдирди.

Эскертсек, бүгүн “Ар-Намыс” фракциясы жабык эшик артында “Ырыс алды ынтымак” көпчүлүк коалициясынын тагдырын талкуулашкан.

Куловдун айтымында “атыла элек оюнун терисин бөлүшпөйт”.

“Менин оппозиция лидерлери менен жолугушуум толук логикалуу. Бир катар депутаттык топтор “Ар-Намыс” фракциясынын коалициядан чыгуу маселесин көтөрүшкөндөн кийин депутаттар менен сүйлөшүүлөр жүрө баштады. Эч кандай конкреттүү чечим болгон эмес”, - дейт Кулов.

Ал ушундай эле сүйлөшүү КСДП жана “Ата Мекендин” лидерлери менен да болгонун белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД