Билим берүү министрлиги мугалимдердин айлыгын 25 пайызга жогорулатууну пландоодо

Билим берүү министрлиги мугалимдердин айлыгын көтөрүү боюнча сунушту өкмөткө алып чыгат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Канат Садыков билдирди.

Анын айтымында, мугалимдердин айлыгы академиялык бир саат үчүн 40-50 сомду түзөт. Бирок, өлкөдө орточо маяна 25 пайызга өскөн. Ошондуктан мугалимдердин айлыгын дагы ушундай деңгээлде жогорулатуу пландалууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД