“Ар-Намыс” фракциясынын лидери: Өкмөттүн иши боюнча жоопкерчилик КСДПда

“Ар-Намыс” фракциясынын лидери Феликс Кулов өкмөттүн иши боюнча жоопкерчилик КСДПда деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Конституция боюнча президент беш фракциянын каалаганына коалиция түзүүнү тапшыра алат.

“Коалиция түзүүнү КСДПга тапшыргандан кийин, алар өз талапкерин премьер-министрлик кызматка көрсөттү. Сатыбалдиев фракция жыйынына келгенде, ал өкмөттүн ишине жеке өзү жоопкер боло тургандыгын коомчулукка айткандан кийин гана биз ага министрлер кабинетин башкарууга макулдук бергенбиз. Демек, жоопкерилик КСДПга да жүктөлөт дегенди түшүндүрөт”, - дейт Кулов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД