Кыргызстандын түндүгүнө газ бериле баштады

Кыргызстандын түндүгүнө газ бериле баштады. Бул тууралуу “Кыргызгаздын” басмасөз кызматынан “ВБ”га билдиришти.

Учурда 66 газ бөлүштүрүүчү пунктардын 41и газ берүү системасына кошулду. 27 газ бөлүштүрүүчү пунктарды кошуу иштери уланууда.

“Бүгүн жана эртең Маевка, Төмөнкү Ала-Арча, Лебединовка, Аламүдүн, Чыгыш, Орто-Сай айылдарына газ берилет”, - деп билдирди басмасөз кызматы.

Ошондой эле Кант менен Токмоктун жашоочуларына да көгүлтүр от берилип баштады. Газ “Кант ТШП” ЖЧК, Токмоктогу спирт заводуна жана Канттагы жылытуу түйүнүнө берилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД