Бүгүн Түлеевге айыбы угузулат

Бишкектин Ленин райондук сотунда борбор калаанын экс-мэри, “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Нариман Түлеевге айыбы угузулат жана ошону менен бүгүн 30-ноярда сот бүтөт. Бул тууралуу анын адвокаты Султан Баратов “ВБ”га билдирди.

Анын айтымында, бүгүн 30-ноябрда Ленин райсотунда анын жактоочусуна жана Түлеевдин иши боюнча сот жообуна тартылып аткан 6 кишинин соттук угуулары башталат. “Сот процесси ачык болот. Төралык кылган сот айыпталуучулардын анкеталык маалыматтарын тактайт жана мамлекеттик айыптоочу бардык айыптарын угузат”, - дейт Баратов.

Ал азырынча Түлеевдү камактан чыгаруу боюнча өтүнүч менен кайрылууга ниети жок экенин кошумчалады.

Эскертсек, Бишкектин мурдагы мэри, “Ата-Журт” фракциясынын Жогорку Кеңештеги депутаты Нариман Түлеевдин иши Бишкектин Биринчи Май райсотунан Ленин райсотуна жиберилген болчу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД