Бир катар жетекчилер премьерден сөгүш алды

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Жогорку Кеңештин “Улутташтырылган объектерди эффективдүү башкаруу жана бөлүштүрүү программасын бекитүү жөнүндөгү” токтомунун аткарууда жетиштүү иш жасабагандыгы үчүн бир катар жетекчилерге дисциплинардык сөгүш берди. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Маалымдалгандай, Экономика министри Темир Сариев эскертүү алды. Ал эми Улутташтырылган мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Айбек Осмонов жана анын орун басары Назира Үсөналиева сөгүш алды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД