“Ата-Журт” камалган депутаттарды колдоп жаңы жылдык кечеден баш тартат

“Ата-Журт” фракциясынын катчылыгы билдиргендей, аппараттык жыйында, катчылыктын кызматкерлери, консультанттар жана фракция депутаттарынын жардамчылары камалган депутаттарга тилектештик көргөзүү үчүн жаңы жылдык кече өткөрбөө чечимин кабыл алышкан.

Фракцияда МУККнын тергөө абагына камакка алынган атажуртчу депутаттар – Садыр Жапаровго, Талант Мамытовго жана Камчыбек Ташиевге тагылып аткан айыптарды негизсиз деп эсептешет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД