Геологдор Ташбаевдин камалышын алтын кендерине берилген лицензияга байланыштырды

Геологдор Ташбаевдин камалышын алтын кендерине берилген лицензияга байланыштырды

Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамагенттиктин экс-жетекчиси Учкунбек Ташбаев алтын кендерин чалгындоо жана иштетүү боюнча лицензияларды узарткандыгы жана кечиктирип кармагындыгы үчүн камалышы мүмкүн. Бул тууралуу мекеменин мурунку жана азыр иштеп аткан кызматкерлери “ВБ”га билдирди.

Эскертсек, Ташбаев 1-декабрь, ишемби күнү МУКК тарабынан кызматтык абалынан пайдаланган делип, камакка алынган. Ошол эле күнү Биринчи Май райсоту аны камакка алуу чечимин кабыл алган.

Белгилесек, 2012-жылы кен иштетүүчү компаниялардын 2011-жылга болгон отчету экинчи ирет катары менен кармалууда. Расмий түрдө отчеттордун кармалуусу жаратылыш ресурстары министрлиги мамагенттик болуп кайра түзүлүп, өкмөттө алмашуу болгонуна байланыштырылган.

Башка тарабынан отчетторду кароонун создуктурулушу лицензиялык комиссиянын түзүлүшүнүн кечеңдеши болду. Комиссия 20-мартта түзүлүп, 30-апрелде гана өзүнүн биринчи жыйынын өткөргөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД