Өмүрбек Абдрахманов: Оппозициянын биригиши – кадимки көрүнүш

“Оппозициянын биригиши – бул кадимки көрүнүш”, - деп Жогорку Кеңеш депутаты Өмүрбек Абдрахманов “ВБ”га берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, чачыраган оппозиция биригүүгө аракет кылууда. “Бийлик – коомдун өнүгүүсүн кечеңдетип, мамлекеттик башкаруу системасын кайта түзүүдөгү аракетсиздиги – бул процессти ылдамдатууда”, - дейт Абдрахманов.

Ал оппозициянын талаптары дээрлик объективдүү деп белгилейт. “Алардын талабы коом тарабынан аздыр-көптүр колдоого алынууда”, - дейт ал.

Эске салсак, кечээ жакында 21 саясый партия жана коомдук уюмдар биригип “Эл үнү” оппозициялык кыймылын түзүшүп, бир катар талаптарды коюшкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД