Өмүрбек Текебаев: Көпчүлүк коалициянын таркоо кокунучу жок

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев “Ырыс алды ынтымак” көпчүлүк коалициясынын таркоо коркунучу жок, дейт. Бул тууралуу ал “ВБ”га билдирди.

“Парламенттик көпчүлүк коалициясынын таркашын оппозиционерлер менен реваншисттер каалап атат. Биз аларга кирбейбиз. Туура ойлонгон саясый күч катары биздин партия альянстын таркашына каршы. Биз Кыргызстанда туруктуулук жана тынчтык болуусун колдойбуз”, - дейт Текебаев.

Анын айтымында, өлкөдөгү саясый күчтөр бүгүн барынан мурда туруктуулукту кантип сактоону, экономикалык абалды жакшыртууну ойлонушу керек. Ошол эле учурда Текебаев көпчүлүк коалиция оппозициянын каалоосу менен таркашы ыктымалдыгын да четке какпайт.

“Ата Мекендин” лидери жакын арада парламентти таркатуу болбой турганын белгиледи. Эске салсак, 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо бийлик сыртанда калган саясый күчтөр бешинчи чакырылыштагы Жогорку Кеңеш таркашы мүмкүн деген имиштерди айтууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД